КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-чакырылышынын 21-сессиясы
2018-жылдын 03-июлу № 15
Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 22-кезексиз сессиясында Кара-Суу айылдык аймагындагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевдин Кара-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин “Жамааттык жайыттарды башкаруу жана жакшыртуу планы” 2018-жыл жана 2018-2022-жылдарга планын бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин, жайыт комитеттеринин КРнын “Жайыттар” жөнүндөгү мыйзамынын 7,8 - беренелерине ылайык - “Жамааттык жайыттарды башкаруу жана жакшыртуу планы” 2018-жыл жана 2018-2022-жылдарга карата планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучуларды кароо, көзөмөлгө алуу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |