Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-июну № 158
Арыздарды кароо
Айыл тургундарынын Элдик комиссиянын мыйзамсыз иштери тууралу арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынын арыздары канаатандырылсын.
2. Элдик комиссиянын азыркы курамы жоюлсун.
3. 2015-жылдын 30-июнунан баштап, азыркы иштеп жаткан комиссиянын иш аракети мыйзамсыз деп эсептелсин.
4. 2015-жылдын 30-июнуна чейин курамы депутаттардан, квартал башчыларынан жана айыл өкмөтүнүн башчысынан турган комиссия түзүлсүн.
5. Сессиянын токтому ТКГ компаниясына жеткирилсин.
6. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Ж.Медетов |