Загрузка документа…
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын биринчи уюштуруучу сессиясы
2017-жылдын 24-апрели № 26
Садовое а-а ветеринары А. Панпанзаны угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 06.06.2013-ж. № 91 “Жаныбарларды идентификациялоону өткөрүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Садовое айыл өкмөтүнүн аймагында жаныбарларды идентификациялоонун бирдиктүү системасын киргизүү максатында Садовое айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Жаныбарларды (уйларды) идентификациялоого төлөм 90 сом бир башка , анын ичинде :
- Термометри жок клиникалык текшерүү – 10 сом ;
- Документтерди толтуруу – 10 сом ;
- Жаныбардын эки кулагына бирка тагуу – 20 сом ;
- Бир башка бирканын комплектисинин баасы – 37 сом 76 тыйын ;
- Аппликаторду колдонгону үчүн амортизациондук төлөм – 2 сом 24 тыйын ;
- Регистрдин жумушу- 10 сом .
2. Садовое айыл өкмөтүнүн ветеринария боюнча жооптуу адистери белгиленген график боюнча Садовое айылдык аймагында жаныбарларды идентификациялоону сапаттуу жана өз убагында өткөрүшсүн .
3. Жооптуу адистер жаныбарларды идентификациялоо маалыматтарын киргизүү үчүн өз убагында каттоо иштерин жана ветеринарлар берген маалыматтарды жалпылоо иштерин өз убагында жүргүзүшсүн .
4. Азыркы токтом чыккан маалдан баштап күчүнө кирет .
5. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам .
Садовое айылдык кеңешинин төрагасы | В.Н. Саратовцев |