Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-октябры № 7/1
Чүй айыл өкмотүнүн башчысы Ж. Шакеевдин “Чүй айылындагы № 2 С. Ибраимов атындагы орто мектептин жаңы корпусунун имаратынын жылуулук системасын капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндөгү” маалыматын угуп жана Чүй айылдык Кенешинин депутаттарынын толуктоолорун, сунуштарын эске алуу менен Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй айылындагы № 2 С. Ибраимов атындагы орто мектептин жаңы корпусунун имаратынын жылуулук системасын капиталдык ондоодон өткөрүү иши “Регионалдык өнүктүрүү фондусунун” долбооруна киргизилсин жана колдоого алынсын.
2. Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына (Ж. Шакеев) долбоордун иш кагаздарын толугу менен даярдоо иши милдеттендирилсин.
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин бюджет, каржы комитетинин төрайымы А. Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |