Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык окуругдук Кеңешинин кезектеги 20 сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 12-февралы № 20/5
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында салыктын түрлөрүнүн баасын 2016-жылга карата көтөрүп берүү жөнүндө. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн киреше боюнча адиси О.Мырзакановдун маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 беренесине ылайык 6 пункутунун негизинде Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер салыгынын ставкалары айыл чарба жерлеринин пайдалануучулар үчүн Кызыл-Жар айылыдк Кеңешинин депутаттары тарабынан төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Сугат жер 1га үчүн 116 сом 98 тыйынга;
Кайрак айдоого 1 га үчүн 35,00 сомго;
Чөп орунду 1 га үчүн 27 ом 70 тыйынга баасы көтөрүлсүн.
2. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кенешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиясынын жергиликтуу бюджеттин иштетилишин жана мадиний иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Карыяевка милдеттердирлсин .
Төрага | М.Кадыров |