Редакцияот 17.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы

 

2017-жылдын 17-ноябры № 12-1

Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча типтүү келишими жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишими бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеёешинин “Айыл,суу чарба,жерге жайгаштыруу,экология жана жаратылышты коргоо,транспорт,курулуш,өнөр жай,кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Абдырахманов