Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2017-жылдын 17-ноябры № 12-2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүндө үнөмдөлгөн 95000 (токсон беш мин) сом акча каражатын,чыгаша бөлүгүндөгү 70111-аппарат башкаруу бөлүмүнүн 22112100 беренесине-40000 (кырк мин)сом,
70921-элге билим берүү бөлүмүнүн 22154900 беренесине 26000 (жыйырма алты мин)сом,
71099-социалдык коргоо бөлүмүнүн 27213100 беренесине 10000 (он мин) сом,
70629- ЖКХ бөлүмүнүн 22211200 беренесине 19000 (он тогуз мин) сом , көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн беренелерине жылдыруу жүргүзүлсүн.
2. 2017-жылга каралган бюджеттин чыгаша бөлүгүндө үнөмдөлгөн 95000 (токсон беш мин) сом акча каражатын,көрсөтүлгөн бөлүмдөрдүн беренелерине жылдыруу жүргүзүү жагы ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Исмаиловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Абдырахманов |