Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин кезектеги 2 сессиясы
2016-жылдын - 4 августу № 17
Кыргызстан айылдык аймагынын мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына социалдык жактан жардам берүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. От жагуу мезгилинде жетим балдарды жана жалгыз бой кары-картандарды бир жолу жыгач жана көмүр отуну менен камсыздоо
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн мектеке окуган балдарынын ар кандай мелдештерге катышып келүусү үчүн керек болгон учурда транспорттук чыгымдарына жардам көрсөтүү
3. Аз камсыз көп балалуу (5 баладан жогору) үй-бүлөлөргө бир жылда бир жолу материалдык жардам көрсөтүү.
4. Афган согушунун ардагерлерине, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү
5. Мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдарга жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү
6. Жардам акысыз түрдө көрсөтүлөт.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы – Г. Шабдановага жана соц.адиси – Г. Асылбековага милдеттендирилсин
Төрага | Оморов К |