Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 4 февралы № 3
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-декабрындагы №40 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын 2016-2018-жылдарга карата Стратегиялык-өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XV сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31,36-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Стратегиясы, Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жана 2016-2018-жылдарга Инвестициялык планы кабыл алынсын.
2. Эмгек-Талаа айыл айиагынын жашоочулары, баардык мекеме-уюмдар менчигинин түрүнө карабастан, тийиштүүлүгүнө жараша жана өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Стратегияны жүзөөгө ашыруу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүшсүн.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду аткарууну уюштуруу Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Эсенбеков |