Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 4 февралы № 4
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Айылды инвестициялоо- III ” долбоорунун алкагында Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарында социалдык инфраструктураны оңдоо, калкка кызмат көрсөтүү иштерин жакшыртуу максатында, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XV сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31,36-беренелерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Айылды инвестициялоо- III ” долбооруна Эмгек-Талаа айыл аймагынан төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:
- чоң долбоорго Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Ак-Талаа айылына 50 орундуу бала бакча куруу
- кичи долбоорго айыл аймагына заманбап футболдук аянтча куруу.
2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү, долбоордук сунуштарды жана тийиштүү документтерди өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Нарын облустук бөлүмүнө тапшырууну камсыз кылсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Эсенбеков |