Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 24 февралы № 1
Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана мектептин инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын 2016-жылдын 22-февралындагы №2 токтомунун, Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору А.Осмонованын 2016-жылдын 19-февралындагы кайрылуу катынын негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезексиз XVI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
5. Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянттарындагы мектеп окуучуларына жана айыл тургундарына коркунуч келтирген жана мектепке каттоого жолтоо болгон куураган бак-дарактарды кыйуу жана тегиздөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, жаратылыш коргоо органдарынын уруксаты аркылуу жүргүзүүнү уюштуруу Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин директору А.Осмоновага тапшырылсын.
6. Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебине тиешелүү бак-дарактарды кыйуу, тегиздөө жана кыйылган бак-дарактардын ордуна жаш көчөттөрдү отургузууга каржылоо демөөрчүлөрдүн жана жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттарынын чегинде жүргүзүлсүн.
7. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтү, мектеп администрациясы менен бирдикте кыйылган, тегизделген бак-дарактарды каттоого алууну жана аларды айылдык социалдык муктаждыктарына пайдалануу боюнча иш-аракеттерди көрсүн.
8. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.
Төрага | А. Эсенбеков |