Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 25 апрели № 1
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2016-жылдын жазгы, жайкы, күзгү оруп-жыйуу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын арпа, буудайларынын түшүмүн, аянттардагы көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жана жамаат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын жазгы жайлоолорго көчүүсү 30- апрелге чейин жана жайкы алыскы жайлоолорго (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) көчүүсү 25-июнга чейин белгиленсин.
2. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы жайлоолордогу (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) малчылардын 2016-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыйуу салынсын.
3. 2016-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келген жана малдарын айдап келген малчыларга мыйзамга ылайык айып пул салынаары эскертилсин.
4. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.
Төрага | А. Эсенбеков |