Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 25 апрели № 2
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин “Зордук-зомбулуктун алдын алуу” боюнча социалдык тапшырыктын алкагында “Элет айым” Коомдук бирикмесинин “Ар бир үйдө тынчтык жана бейпилдик” долбоорунун ишке ашыруу боюнча Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында 9 үй-бүлөдө ата-энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын.
2. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлсүн.
3. Жаш жубайлардын нике күбөлүгүн үйлөнгөн күнү берүү жагы көзөмөлгө алынсын.
4. Айылдык молдолор ала качыа келген кыхдын макулдугусуз нике кыйуу тыюу салынсын.
5. Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз өткөрүү колго алынсын.
6. Айылдык дүкөнчүлөр тарабынан кечки саат 20:00 дөн кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
7. Көзөмөлгө алуу жагы аялдар кенеши, аксакалдар кенеши, жаштар уюму, өкмөттүк эмес уюмдарга, ден-соолук комитетине милдеттендирилсин.
8. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Эсенбеков |