Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 25 апрели № 3
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагындагы жайыт жолдорун оңдоо максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүү жана малчылардын коопсуз шартта көчүп конууларына шарт түзүү максатында айыл аймагындагы жайыт жолдорун оңдоо сунушу кабыл алынсын.
2. Эмгек-Талаа айыл аймагындагы жайыт жолдорун оңдоо үчүн “Ылайлуу-Суу” участкасынан кара топурак алууга уруксаат берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду аткарууну уюштуруу Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин
Төрага | А. Эсенбеков |