Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 14 майы № 2
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезектеги XVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине АРИС тарабынан- 1456,0 миң сом айыл чарбасы үчүн атайын жабдыктуу трактор долбоор аркылуу берилип жатат. АРИС тарабынан- 1083,0 мин сом төлөнүлүп берилет, жалпы өздүк салым- 373,0 миң сомду түзгөндүктөн , айыл өкмөттүн эсебинен -190,0 миң сом, ал эми жайыт акыдан чогулган каражаттын эсебинен -183,0 миң сом акча каражаты төлөнүлүп берилсин.
2. 2016-жылдын кириш-чыгыш сметасында 31113290 статьяда -190 000 сом спорт плошадка куруу үчүн каралган акча каражаты 31122220 статьяга которулсун.
3. Токтомдун аткарылышы финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Боогазиевадан талап кылынсын.
4. 2016жылдын бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизип берүү жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын
5. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Эсенбеков |