Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 29 сентябры № 2
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорун Эмгек-Талаа айыл аймагында натыйжалуу жүзөөгө ашыруу, муниципалдык менчик каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуу максатында, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик укугу жөнүндө» Мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган «Беларус-82.1» маркасындагы трактору «Универсал-800» жүктөгүчү менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:
- бир айлык мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча баардык иш кагаздарын толуктап өткөрүп берүү;
- «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган каражаттарды муниципалдык менчикке кабыл алып жайыт комитетине өткөрүп берүү;
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетин кызматтык бөлмө, керектүү инвентар (стол, стул ж.б.) менен камсыз кылуу;
- инвестиялык каржы булактары менен алынган каражаттарды толук, ощ абалда сакталышын камсыздоо чараларын көрүү алынып келинген техникалык каражатты пайдалануу эрежелерин иштеп чыгып бекитүү;
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетин кызматтык бөлмө, керектүү инвентарлар (стол, стул, шкаф ж.б.) менен камсыз кылуу.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кещештин бюджеттик комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Эсенбеков |