Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясы
2016-жылдын - 27 февралы № 138
Айылдык кеңештин “Кызыл-Октябрь”, “Куршаб (Лесхоз)”, “Эски-Покровка” жана “Алга” айылдарындагы калктын турак жай курулушуна КНИИП аркалуу түзүлгөн ген.пландарын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айылдарындагы элдин турак жай муктаждыктарын эске алып, КНИИП аркылуу түзүлгөн Ген.пландарды карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин V-чакырылган ХХ-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин сессиясы айыл тургундарынын турак жай муктаждыктарын чечүү максатында түзүлгөн
- Кызыл-Октябрь айылы -2,4 га
- Куршаб (Лесхоз) айылы – 1,60 га
- Эски-Покровка айылы – 0,34 га
- Алга айылы – 1,00 га
Бардыгы – 5,34 га жер аянтына КНИИП аркылуу түзүлгөн Ген.пландары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башкы адиси З.Осмоновго жүктөлсүн.
3. Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Мамлекеттик каттоо башкармасынан тиешелүү иш кагаздарын (АПЗ) даярдоо жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
Төрага | К. Мусаев |