Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХI-кезексиз сессиясы
2016-жылдын - 23 июну № 147
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Гүзар айылынан калктын А.Төлөнов атындагы орто мектебинин эски имаратын бала бакчага которуп берүү боюнча түшкөн суроо талабын аткаруу максатында Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХI-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Гүзар айылындагы А.Төлөнов атындагы орто мектебинин эски имаратынын профилин өзгөртүп бала бакчага өткөрүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан каттоого алуу жагы суралсын.
Төрага | К. Мусаев |