Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХI-кезексиз сессиясы
2016-жылдын - 23 июну № 148
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХI кезексиз сессиясы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана АИС программасы боюнча иш алып баруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо жана АИС программасы боюнча иш алып баруу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К. Мусаев |