Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы
2016-жылдын - 20 сентябры № 152
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII -кезексиз сессиясы Кызыл-Сеңир айылындагы жаштар уюмунун арызын карап жана талкуулап, депутаттардын, жаштардын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сеңир айылындагы жаштар уюму тарабынан курулуп жаткан спорт залына айыл өкмөттүн 2016-жылдын 6-8 айларына каралган бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 9,16 пунктундагы Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүнүн ремонтуна каралган 120,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөттүн иштетилбей турган акча каражатынан 30 (отуз) миң сом акча каражаты кошумча бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Мусаев |