Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган ХХII-кезексиз сессиясы
2016-жылдын - 20 сентябры № 154
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылган XXII кезексиз сессиясы Кызыл-Сеңир айылынын калкынын бала-бакча куруу боюнча суроо талабын иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13- беренесине таянып, маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кеңештин V-чакырылган XXII кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылынан айыл чарба багытында эмес жерден бала-бакчага 0,13 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Өзгөн райондук жер кодастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан ажыратып берилген жер участогуна тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |