Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 97
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2017-2018-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин «бюджет, финансы, салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 8924,9 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 9291,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджети кирешелери жана чыгашалары 8978,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Айыл өкмөтүнүн 2017-2018-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2017-жылга 8903,9 мин сомго,2018-жылга 9232,0 мин сомго бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдери кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2015-жылдын 24-декабрында КРнын Жогорку кеңеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 89,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак аш, дары дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7 .Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджетен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышаары белгиленсин.
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган КРнын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
10 .Казына сиситемасын четтеп өтүү менен атайын каражттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы КРнын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2016-жылдын 1-январына карата 150 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Айыл өкмөтүнүн 2015-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 125.9 миң сом, атайын каражаттан 1,3 миң сом 2016-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы, салык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |