Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 98
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовдун электриктин айыл өкмөтүнө зарылдыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана китепкана мектеп менен кошо спорт залда жайгашкан жагдайларды эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын китепканасы Н.Кайназаров мектебинин зданиясында жайгашкандыгын эске алып,анын кароолчуга берилген штатын айыл өкмөтүнүн электриги штаты катары пайдаланууга айыл өкмөтүнө уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына райондук маданият бөлүмү менен бирдикте мыйзамдуу документтештирүү жагын бүтүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «мыйзамдуулук,адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А. Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |