Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 99
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар,Какыр айылдарынын депутаттарынын кайчы пикирин угуп жана Большевик айылында 3 жылдан бери практикаланып келе жаткан тарифтин ынгайлуу жактарын эске алып,талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик,Ак-Жар,Какыр айылдарындагы таза суунун тарифи айына кожолук үчүн 100 сом өлчөмүндө төлөөсү бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү «Замзам суу», «Орто Азия булагы» таза суу боюнча ишканалары элди үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылып турганга жетишишсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына (Турдали уулу Кубаныч) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |