Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 101
Ак-Жар айылдык Кеңеши жогорудагы «Өзгөн райондук ветеринардык башкармалыгынын сунуш катынын жана мал-жандыктарын ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык тейлөө зарылдыгына карата талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн айылдарында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукту сактоо максатында ветеринардык-санитардык обьектилерди курууга:
1. Айыл өкмөтү боюнча 1 «Беккари чункурун» курууга Семиз-Көлдүн чатынан 0,04га
2. Жазгы-күзгү жууттан өткөрүүчү «Купка ваннасын»курууга Семиз-Көлдүн чатынан 0,08га
3. Кара мал,жылкыларды эмдөөгө,дарылоого бардык Ак-Жар,Какыр,Большевик,Семиз-Көл айылдарынан 0,04 га жераянттары ички жайыттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жогруда көрсөтүлгөн ветеринардык жана фитосанитардык обьектилерди курууга байланышкан акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдеттин аткаруучу Г.Токтосуновага жүктөлсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Кыдыргычовго жогорудагы ветеринардык –санитардык обьектилердин жер аянттарын көрсөтүп,өлчөп берүү жана курулушун көзөмөлгө алуу жактары милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына(Ө.Алишеров) милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |