Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 102
Ак-Жар айылдык кенеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн «Өздүк архиви»ачылгандыгын эске алып жана документтерди сактоого алуудагы тигүү иштеринин тарифдерин талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бардык документтерин өз-өзүнчө китепче кылып тигүүдө:
а) Барактарды иреттеп тигүү өзүнчө бааланып ар бир баракчага 0,50 сом
б) Китепчени тыштап,клейлеп тигүү кызматы үчүн 100 сом болгон өлчөмдөрү бектилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн архивдик документтерин сактоого алуудагы бюджеттен жумшалуучу акча каражаттарын пландаштыруу айыл өкмөтүнүн бухгалтериясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «мыйзамдуулук,адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |