Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVII сессиясы
2016-жылдын 13-февралы № 103
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовдун Семиз-Көл айылынын №16 Н.Кайназаров атындагы орто мектебин жана кателныйын ремонттон өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каржылоону бекитип берүүсү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Семиз-Көл айылынын №16 Н.Кайназаров атындагы орто мектебин жана кателныйын ремонттон өткөрүүгө уруксат берилсин.
2.Долбоорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен 53277(элүү үч мин эки жүз жетимиш жети) сом үлүштүк акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине киргизилип, бекитилип, ажыратылып берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «финансы, бюджет, экономика боюнча» туруктуу комиссиясына(У.Турдумаматов) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |