Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 104
Ак-Жар айылдык Кеңеши малчылардын да мал ээлеринин да кызыкчылыктарын бирдей деңгээлде карап, базар баасын эске алуу менен ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн дыйкандардын эмгегин, кызыкчылыгын эске алып бардык айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын жана депутаттардын киргизген сунуш, пикирлеринин негизинде талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчылардын жайлоого мал багып келүү акылары кой, эчки үчүн бардык айларына 70 сом. Кара мал жана жылкы үчүн бардык айларына 350 сомдон өлчөмдөрү бекитилсин.
2. Эгерде малчы жогорудагы талаптарды аткарбай өзү каалаган баада эсептешүүгө барса малчыга орточо айлык акысынан подоход налогу жана соц.фонд налогу киргизилери талап катары эскертилсин, себеби айылдык кеңештин токтому мыйзамдуу түрдө областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлөт.
3. Жайлоого көчүү мезгили 2016-жылдын 25-апрелинен 1-майына чейин, жайлоодон келүү мезгили 20-сентябрдан кийинки мезгилге көчүп келүү мөөнөттөрү бекитилсин. Эгерде бул мөөнөттөн кечиксе же бул мөөнөттөн эрте көчүп келсе ар бир кечиккен жана эрте келген бир күнү үчүн 3000 сомдон жазана салуу өлчөмү бекитилсин.
4. Эгерде малчы тапшырылган малды кароосуздан (жоготуп, арам өлтүрүп, карышкырга алдырып, же болбосо чек арадан алыска чыгып кеткен учурлардан жоготууга учураганда) жоготууга учуратса төлөп берүүсү милдеттендирилсин.
5. Малчы мал ээсинен форма №4түн (ветеринардык справка) негизинде гана алуусу милдеттүү катары эсептелсин жана сырттан алынган ар бир мал үчүн малчыдан жайыт акысы 2 эсе өлчөмүндө төлөнүүсү талап кылынып, бекитилсин.
6. Эгинге же кырманга түшкөн кой, эчки, кара мал, жылкыга жазана салуу өлчөмү кой, эчки үчүн башына 100 сом, кара мал жылкы үчүн 500 сом өлчөмдөрү бекитилсин. Ал эми сырттан келген мал үчүн жогорудагы жазана өлчөмү эки эсе көбөйтүлүп салынсын. Эгерде мал ээси каршылык көрсөтүп төлөп берүүдөн баш тартса комиссиянын актысы мыйзамдуу түрдө укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А. Бакиров) жана айыл өкмөт башчысына, жайыт комитетинин төрагасына, айыл башчылырга жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |