Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 105
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2016-жылдын 20-мартындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун негизинде, Ак-Жар айылынын жалпы эле айыл өкмөтүнүн жаш муундарына билим берүүдөгү кошкон салымы жана чыгармачылык талантын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Раимбердиева Жумагүл Ак-Жар айылынын жалпы жашоочуларынын «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу айымы» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин. Раимбердиева Жумагүл «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу айымы» деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл тургуну Раимбердиева Жумагүлгө «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу айымы» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |