Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 106
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин 2016-жылдын 05-апрелиндеги өткөн педагогикалык кенешмесинин №10 протоколунун негизинде жана жалпы эле жаштарга билим, тарбия берүүдөгү зор эмгегин баалап, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну Ибраимов Артелге Большевик айылындагы №38 С.Эшматов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу аксакалы,насаатчы мугалими» наамын берүү жөнүндөгү токтомдору бекитилсин.«Ибраимов Артел «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу аксакалы,насаатчы мугалими» деп аталсын.
2. Большевик айыл тургуну Ибраимов Артел «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу аксакалы,насаатчы мугалими» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |