Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 107
Ак-Жар айылдык Кенеши «Замзам суу»таза суу ишканасынын жетекчиси Т.Тилекматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Замзам суу»таза суу ишканасынан таза суу алган пайдалануучулардын таза суу ишканасынын жетекчисинин уруксатысыз өз үйүнө суу тартып киргизисүүнө катуу тыюу салынсын.
2. Эгерде өз алдынча киргизип алууга барып, аракет кылса мамлекеттик менчикке кол салган кыянаттык катары мыйзам чегинде жоопко тартылаары эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин «Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |