Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 108
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айылынын айыл башчысы Т.Мадоморов баш болгон 5 адамдан турган комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы союз мезгилинеде салынган, менчиектештирилип кеткен эски магазин жөнүндө түзүлгөн актынын негизинде талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылындагы союз мезгилинде салынган менчиктештирилген ээлеген аянты 0,10га эски магазин пайдаланууга жараксыз экендиги эске алынып, ордуна меничк ээси катары Кулбаев Бегалыга үй курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер адиси Б.Кыдыргычовго жана айылдык кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» (А.Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |