Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 110
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Семиз-Көл айылынын 2016-жылдын 26-мартындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун, жана жаштарга татыктуу тарбия, билим берүүдөгү эмгегин баалап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын тургуну Ибраимов Абдыкалыкка Семиз-Көл айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Ибраимов Абдыкалык Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Семиз-Көл айыл тургуну,ардагер мугалим Ибраимов Абдыкалыкка «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |