Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезектеги XVIII сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 111
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Семиз-Көл айылынын 2016-жылдын 02-апрелиндеги жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколдорунун жана айылдын экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымыдуу эмгегин баалап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын тургуну Алишеров Өлбөсалиге Семиз-Көл айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Алишеров Өлбөсали Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Семиз-Көл айыл тургуну,эмгектин ардагери Алишеров Өлбөсалиге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |