Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезексиз XX сессиясы
2016-жылдын 2-июлу № 116
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги жалпы элдик жыйындын протоколу жана айыл өкмөтүндөгү көп жылдык эмгегин баалап,айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Култаев Жумалыга Ак-Жар айылынын 2016-жылдын 15-апрелиндеги жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде жана айыл өкмөтүндөгү көп жылдык эмгеги бааланып, «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтом бекитилсин. «Култаев Жумалы «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл тургуну Култаев Жумалыга «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |