Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезексиз XX сессиясы
2016-жылдын 2-июлу № 118
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2016-жылдын 30-майындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколу жана жаштарга татыктуу тарбия, билим берүүдөгү эмгегин баалап, талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Абдыкапаров Осмонкулга Ак-Жар айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Абдыкапаров Осмонкул Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл тургуну,ардагер мугалим,М.Кулуев орто мектебинин директору Абдыкапаров Осмонкулга «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |