Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезексиз XX сессиясы
2016-жылдын 2-июлу № 119
Ак-Жар айылдык Кенеши М.Кулуев атындагы орто мектебинин 2016-жылдын 29-мартындагы №4 педагогикалык кенешменин чечимин жана андан кийинки,жалпы элдик чогулушунун протоколдорунун сунуштарын карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүнүн М.кулуев атындагы орто мектебинин жаны мектептин педагогикалык кенешменин 2016-жылдын 29-мартындагы №4 чечиминин жана кийинки жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде Ак-жар айылынын тургуну,бир канча жыл ушул мектепте дене тарбия мугалими болуп иштеген Абдуллаев Сырымбектин ысымы берилсин.
Мыдан ары бул спорт зал «Абдуллаев Сырымбек атындагы спорт зал»деп аталсын.
2. Абдуллаев Сырымбек жана анын туугандарына спорт залды жасалгалоо, техникалык абалын жакшы абалда сактоо боюнча мезгил-мезгили менен керектүү иштерди аткарып баруу жактары сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Ак-жар айылынын айыл башчысына жана айылдык кенештин «социалдык маселелер боюнча » туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |