Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин V чакырылыш кезексиз XXII сессиясы
2016-жылдын 19-августу № 122
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин пайдаланышына өзгөртүү киргизүү боюнча айылдык кеңештин «Бюджет, финансы экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын жана ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин коммуналдык чарба бөлүмүнөн 95,0 мин сом,экономия болгондугуна байланыштуу,аппарат бөлүмүнө 95,0 мин сом 22211100 статьясына борбордук кенсенин учурдагы ремонту үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн атайын каражаттын аппарат бөлүмүнүн 31,0 мин сому 22154900 статьясына Большевик айылындагы күрөш залына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «бюджет финансы экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрайымы | Н. Кыдыргычева |