Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XXI - сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 28
Токтогул райондук прокуратурасынын Кара-Жыгач айылынын тургуну Батыркулов Алмазбектин арызынын негизинде жөнөткөн 20.10.2015-жылдагы №1665-7р-267о-15 катын жана 09.02.2016-жылдагы №7р-203-267о-16-катын кароо.
Токтогул райондук прокуратурасынын Кара-Жыгач айылынын тургуну Батыркулов Алмазбектин арызынын негизинде жөнөткөн 20.10.2015-жылдагы № 1665-7 р-267 о-15 катын жана 09.02.2016-жылдагы №7 р-203-267о-16-катын кароо боюнча маселени угуп жана талкуулап А.Суеркулов айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара Жыгач айылынын атын өзгөртүү боюнча Дунганов Ширинбек менен Батыркулов Алмаз өз ара сүйлөшүп, бир келишимге келишсин.
2. Кайрылган тараптардын суроо талабы менен А. Суеркулов айылдык кеӊешинен жогорку органдарга тийиштүү каттар даярдалып берилсин.
3. Тийиштүү каттарды даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Токтошовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | Ш.Мананов |