Редакцияот 15.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

А.Суеркулов атындагы айылдык кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XXIII - сессиясы

 

2016-жылдын 15-августу № 34

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы № 715 токтомуна ылайык Токтогул райондук мамлекеттик каттоо бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап А.Суеркулов айылдык кенешинин VI чакырылышынын XХIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу боюнча Мамлекеттик каттоо иштери боюнча жооптуу катчынын өз алдынча башкаруу органдарында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө эмгек келишими бекитилсин.

2. Келишимдин негизинде Торкен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын эмгек акысынын сметасын карап чыгып, эмгек акыга кошулбай калган акча каражатын Финансы министрлигинен каратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Жунусалиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Төрага

Ш. Мананов