Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 29 февралы № 20/6
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 09-3-6/3489 Көрсөтмөсү жана Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Т.Сариевдин 2016-жылдын 12-январындагы тапшырмасы боюнча, корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХХ-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлери айылдан 20км(Тегене)
120 км (Терс)алыста жайгашкандыгына байланыштуу,жана айдалган айдоо жерлер эррозияга учурап,түшүмдүүлүгү аз болгондуктан ,айдоо аянттарынан түшүм алуу начар болуп,жер шартынын асылдуулугун эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы;
а)..Суулуу жерге - 1 га - 306 сом
б).Кайракы жерге 1 га - 56,70 сом в).Чөп чабынды 1 га - 15,90 сом
Тарифи өзгөртүүсүз калтырылсын
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Байышов. Э |