Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 6 апрели № 21/1
Жаңы-Жол айыл аймагындагы айылдарда өткөн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча,айыл башчылардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезектеги ХХ1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакынкы жайыттарга көчүү-20.04.2016-жылга жана жайлоодон көчүп келүү—07.09.2016-жылга белгиленсин.Белгиленген күндөн эрте көчүп келип,эгиндерди майкандаткан бадачыларга, түзүлгөн актынын негизинде административдик чаралар көрүлсүн.
2. Күзгү бада алган, бадачылар айыл ичинен сырткары, жакынкы жайыттарга отурушсун.
3. Эгинге түшкөн ээси жок же каралбаган эшектер эгиндерди майкандагандыктан,машинага жүктөлүп ээн жерге төгүп салуу колго алынсын.
4. Бада төлөмү—жандыкка-60 сом,кара малга-350 сом,тузу ичинде.Жоголгон малдын ордуна башына баш төлөнүп берилсин.Белгиленген бааны бузган бадачыларга,мал ээлеринин арызы боюнча түзүлгөн актынын негизинде административдик чаралар көрүлсүн.
5. Жер айдоо төлөмү-үлүш жерлерге—35 сомдон,менчик огороддорго—40 сомдон белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
7. Аталган токтом Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | Байышов. Э |