Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын - 6 апрели № 21/3
Жаңы-Жол айыл аймагындагы көчөлөрдү иретке келтирүү боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовдун билдирүүсүн жана мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V1-чакырылышынын кезектеги ХХ1-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагындагы көчөлөрдү,турак жайларды иретке келтирүү максатында,бөлүнүп берилген жер тилкесинен сыркары,жолго калтырылган жерлерди өз алдынча короолоп алган тургундар,мыйзам боюнча белгиленген чектерине короолорун, бир ай мөөнөтүндө жылдырышсын.
2. Өз ара макулдашылган шарт боюнча ҮДТ №9 менен Т.Тургунбаевдин жер тилкесинин чектешкен жеринен айыл тургундарына шарт түзүп берүү үчүн автоунаа жолу ачылсын жана жолду айылдын картасына түшүрүү жагы Аксы районунун мамлекеттик каттоо,архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Белгиленген мөөнөттө, короолорун өз чектерине жылдырбаганбаган жана мыйзамсыз турак жай салган тургундарга, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 66-статьясына жана «Граждандык кодекстин» 104-117 статьяларына ылайык чаралар көрүлсүн.
4. Көчөлөрдү иреттөө боюнча иш чараларды жүргүзүү жер адиси М.Акматовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссясына милдеттендирилсин
6. Аталган токтом Жаёы-Жол айыл өкмөтүнүн Janyjol-aksy.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет..
Төрага | Байышов. Э |