Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры № 39
Айыл ѳкмѳттүн балансасындагы техникалар эскилиги жетип пайдаланууга жана жараксыз абалга келип калгандыгын,аларды ремонттоп иштетүү кѳп каражат талап кылып жаткандыгын эске алып,айыл ѳкмѳт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенештин VI чакырылган кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳттүн балансасындагы тѳмѳндѳгү техникаларды баланстан чыгарууга макулдук берилсин :
1. Айыл ѳкмѳттүн КИА-Кредос үлгүсүндѳгү кызматтык автомашинасы;
2. О.Жакыпов атындагы орто мектептин Т-150 К жана ТТ-40 АНМ трактору тележкасы менен;
3. А.Тѳлѳнов атындагы орто мектептин ГАЗ-51,ГАЗ-52 автомашиналары жана «Луч» кир жуугуч машинасы ;
4. П.Жолдошев атындагы орто мептептин Т-40 трактору прицеби менен;
5. К Омурзаков атындагы орто мектептин ГАЗ-53 автомашинасы жана МТЗ-80 трактору.
2. Керектүү документтерин түзүү менен баланстан чыгаруу айыл ѳкмѳткѳ милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кенештин бюджет,финансы, салык жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына жүктѳлсүн.
Тѳрага | К. Мусаев |