Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры № 40
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стимулдук гранттын эсебинен айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгеси (долбоордун сметалык баасы -2 658 372 сом) колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2018-жыл учүн жергиликтүу бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгын ( ж.б.чыгымдар статьясынын имараттын кезектеги ремонт иштери,имаратты он абалда кармоо,ар түрдүү долбоорлорду колдоо ж.б пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин стимулдук гранттын эсебинен айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү же 561 830 сом жергиликтүү бюджеттен эсептелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер А.Араповко жүктөлсүн.
Тѳрага | К. Мусаев |