Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-ноябры № 41
Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан №50 О.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХI кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан №50 О.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү демилгеси (долбоордун сметалык басы -3 595 406 сом) колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен суралсын.
2. Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан №50 О.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча сметада акча каражаты каралгандыгы ( ж.б.чыгымдар статьясынын имараттын кезектеги ремонт иштери,имаратты он абалда кармоо,ар түрдүү долбоорлорду колдоо ж.б пункту боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түрткү берүүчүгранттын эсебинен №50 О.Жакыпов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үлүштүк бөлүгү же 540 000 сом жергиликтүү бюджеттен эсептелсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер А.Араповко жүктөлсүн.
Тѳрага | К. Мусаев |