Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 42
Кызыл-Октябрь айыл округунун 2018-жылга жергиликтүү бюджетин долбоору жана 2019-2020 жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин болжолу жөнүндөгү маселелерди айылдык Кенештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында каралып,алардын сунуштарын,берилген малыматтарын угуп жана карап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХII кезектеги сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл округунун 2018-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар 21379,8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл округунун 2019-2020-жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү белгиленсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Чыгашалардын корголгон беренелери,бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
4. Кызыл-Октябрь айыл округунун 2018-2020 жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер,коммуналдык кызматтар (электр энергия,катуу отун-көмүр) тамак аш,эмгек акы,социалдык фонд төлөмдөрү,байланыш чыгымдарын жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
5. Мыйзамда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган мыйзамы менен бекитилген 2018-2020-жылдарга тенөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр(электр энергия,катуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл округунун резервдик фонду 2018-жылга 170,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Казына системасын аттап өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 % Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
9. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүу бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
10. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо) жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо ) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат,зарыл болгондо булл өзгөртүүлөр жергиликтүү кеңештин тармактык туруктуу комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына,айыл округ башчысы Э.Пасаңовго,жооптуу катчы К.Сопуевге жана ФЭБ башчысы-башкы бухгалтер А.Араповго милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Мусаев |