Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 44
Кызыл-Октябрь айыл ѳкмѳтү, жайыт комитети жана АРИС менен 01-август 2017-жылдагы 3 тараптуу №РС 1-06255844-01/02 макулдашуу келишиминин негизинде АРИС аркалуу алынуучу «Белорус-829,2» маркасындагы тракторду навестик оборудованиеси менен алуу үчүн ѳздүк салым тѳлѳѳ жѳнүндѳ жайыт комитетинин жетекчиси С.Камаловдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин VI чакырылыш ХII кезексиз сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС аркалуу алынуучу «Белорус-829,2» маркасындагы тракторду навестик оборудованиеси менен алуу үчүн ѳздүк салым тѳлѳѳгѳ 604800 сом(алты жүз тѳрт мин сегиз жүз) Кызыл-Октябрь жайыт комитетинин эсеп счетуна которуп берүүгѳ макулдук берилсин.
1. 70111 Мамлекеттик кызмат
Статья 2215 жана башка чыгымдар -604800 сом.
Баардыгы -604800 сом.
2. Ѳзгѳн райондук каржы бѳлүмүнѳ жана регионалдык казына бѳлүмүнѳ кошумча түзүлгѳн сметасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ бюджет,финансы,салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына,айыл ѳкмѳт башчысы Э.Пасаңовко жана ФЭБ башчысы А.Араповко тапшырылсын.
Тѳрага | К. Мусаев |