Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-январы № 37/11/27
Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын "Люксембург айыл аймагынын 2017-жылдын бюджетин аткаруу жыйынтыгы жана 2018-жылга Люксембург айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө" маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү бюджеттин чыгымдары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталып, максаттары так көрсөтүлүп, ар бир беренеге ылайык акча каражаттары бөлүнгөнүн белгилейт
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Люксембург айыл аймагынын 2018-жылдагы бюджети атайын эсеп менен кошо 18193,6 миң сом өлчөмүндө төмөнкүдөй бөлүнүп бекитилсин:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр – 4150,0 миң сом;
- турак-жай коммуналдык чарба – 5863,4 миң сом;
- китепкана – 402,2 миң сом;
- маданият – 450,0 миң сом;
- Киршелк орто мектеби – 1728,0 миң сом;
- Я.Я.Ваккер атындагы орто мектеби – 2000,0 миң сом;
- мектепке чейинки билим берүү уюму – 2000,0 миң сом;
- социалдык коргоо – 1150,0 миң сом;
- жайыт- 70,0 миң сом;
- атайын эсеп – 380,0 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |