Загрузка документа…
ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-майы № 50/12/27
Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин дыйкандардын айдоо жерлеринде жайылган мал үчүн айып пул баасын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп
Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандардын айдоо жерлеринде жайылган мал үчүн айып пулбаасы бекитилсин:
бодомал жана жылкылар үчүн- 1000 сомдон 3000 сомго чейин;
- майда мүйүздүү мал үчүн- 500 сомдон 1000сомго чейин.
2. Люксембург айыл өкмөтү материалдык чыгашаны ордуна чыгуу менен аныктоочу жумушчу тобун (комиссиясын) түзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Тентишевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Кожонов |